КР Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун өздүк курамына ислам баалуулуктары тууралуу баяндама жасалды

2024-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун өздүк курамы КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын теология жаатындагы эксперттери менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чарада экстремизм жана терроризм идеологиясынын жайылышына каршы туруу, анын алдын алуу максат кылынды.

Жолугушууга КМДБнын Даават, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Мурзакул кары Осмонов катышып, салттуу ислам баалуулуктары, ислам дининин экстремизм жана терроризмге байланышы жоктугу жана Мекенди коргоонун пазилеттери тууралуу баяндама жасап, аскерлердин диний багыттагы суроолоруна жооп берди.