Ошто медресе мугалимдерине «Ден соолук негиздери» боюнча 3 күндүк семинар өткөрүлдү

Ош шаарындагы «Sun Rise» мейманканасынын жыйындар залында КМДБ жана «Мутакаллим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси менен биргеликте диний жамааттардын, өзгөчө жаштардын жана аялдардын репродуктивдүү укуктары жана ден соолук маселелери боюнча бардык деңгээлдеги билимдерин жана жөндөмдөрүн кеңейтүү максатында үч күндүк семинар болуп, ага Ош облусундагы аялдардын диний окуу жайлардын мугалимдери катышты.

Семинардын башында КМДБнын даават үгүт-насаат жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош облустук казыятынын кызматкери Алибек ажы Жусупов, «Мутакаллим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жана Гулназ Исаева болуп сөз сүйлөп, семинар катышуучуларына ийгилик каалашты.

Аталган семинарга «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун кыздар бөлүмү, «Жабир» кыздар медресеси, «Муслима» кыздар медресеси, «Салиха» атындагы аялдардын диний окуу борборунун мугалимдери катышып, сертификаттарга ээ болушту.