Ноокатта «Биз экстремизмге каршыбыз» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Маданият үйүндө мектеп окуучуларына «Биз экстремизмге каршыбыз» аттуу иш-чара өткөрүлүп, ага райондун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров катышып, өз баяндамасын жасады.

«Ислам дини — бул тынчтыктын дини. Эч кимге зыян жеткирүүнү каалабайт. Ошол себептен пайгамбарыбыз (с.а.в.): Мусулман тили жана колу менен башкаларга зыян келтирбейт» деп айткан. Негизи эле дин тууралуу маалымат керек болсо, расмий имамдарыбыздан сурап тактоо керектигин эскертебиз. Анткени учурда технология өнүгүп, интернеттен түрдүү маалыматтарды табууга болот. Интернеттен диний маалымат алып, үйрөнөм деп адашып кетпеңиздер демекчимин. Анткени маалымат көп болгондо, аны анализдөө кыйындашат. Туура эмес маалыматтарды бөлүшүп же үйрөнүү менен мыйзам алдында жооп берип калууңуздар мүмкүн. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууну кааласаңыздар, анда жакшы окуп, ар ким тандаган кесибинин мыкты адиси болуусу керек», — деди Бекназар ажы Жапаров.

Ошондой эле мугалимдерди сыйлоо, жүрүм-турумду жакшыртуу боюнча айтып өттү. Андан соң, укук коргоо органдары да өз баяндамаларын жасап беришти.