Абдишүкүр ажы Нарматов Өзгөн шаарынын борбордук мечитинде жергиликтүү жамаатка «Бала тарбиялоо» боюнча баяндама жасады

Белгилүү дин аалымы, АК мүчөсү, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарынын борбордук мечитинде жергиликтүү жамаатка «Бала тарбиялоо, үй-бүлө баалуулуктары, улуттар аралык ынтымак» тууралуу өз баяндамасын жасады.

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров атайын убакыт бөлүп келгендиги үчүн Абдишүкүр ажы Нарматовго өз ыраазычылыгын билдирди.

«Өлкөбүздөгү көптөгөн имамдарыбыздын илим алып чыккан уясы болгон Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов устазыбыздын атайын убакыт бөлүп келгендиги үчүн ыраазылык билдиребиз. Буйруса элдин диний сабаттуулугун жогорулатууда жер-жерлерде баяндамаларды жасап келесиздер. Аллахым ыраазы болгон болсун», — деп баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров ыраазычылыгын айтып, эл-журттун амандыгын, өлкөбүздүн бейпилдигин тилеп дуба кылды.