Султанали ажы Гапуров Ноокаттагы Гулистан аймагынын тургундары менен жолугушту

КМДБнын даават үгүт-насаат жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Гулистан аймагынын тургундары менен жолугушуп, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат берди.

«Динибиз аша чабууга, согушууга эмес, тынчтыкка чакырат. Эч кимге зыян келтирбөөнү эскертет. Зордук-зомбулуктун болуусу ислам баалуулуктарын түшүнбөстүктөн пайда болууда. Балдарыбыздын тарбиясына катуу көңүл буруп, адамкерчиликти үйрөтөлү», — деди Султанали ажы Гапуров жолугушууда.