КМДБ Баткен облустук казыяттын эсепчилерине окуу семинарын уюштурду

Үстүбүздөгү жылдын 17-19 апрель күндөрү Баткен облусунда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык, Баткен облустук казыяттын эсепчилерине окуу семинары уюштурулду. Окуу семинарын уюштурууга Баткен казыяты көмөк көрсөтүп, облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров КМДБнын башкы бухгалтери Толкунбек ажы Жумановго казыяттын ишмердүүлүгү финансылык жагдайлар тууралуу маалымат берди.

Толкунбек ажы Жуманов окуу семинарын уюштурууга колдоо көрсөткөн Баткен казыятына ыраазычылык билдирип, семинардын максаты муфтият, казыяттар жана мечиттердин финансы тармагында тактык жана ачык-айкындуулукту камсыздоо, санариптештирүү, бул тармакта тиешелүү эрежелер менен иш алып баруу менен жакшы  натыйжага жетишүү экендигин айтты.

«Бухгалтериялык отчетту так карашыбыз керек. Акча болгон жерде сын болот, андыктан дайыма так болуу талап кылынат. Биз ар бир сумманы так карап, күн сайын отчетун чыгарып турушубуз зарыл», — деди Толкунбек ажы Жуманов.