КМДБ кызматкерлери кезектеги ишембилигин өткөрүштү

Бүгүн, 20-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кызматкерлери ишембиликке чыгып, муфтият кеңсесинин айланасын жана башкы «Имам Сарахсий» мечитинини тегерек-четин таштандылардан арылтып, көчөт тигүү жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

«Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен диний башкармалыктын кызматкерлери ишембиликке чыкты. Негизи эле тазалык иш-чарабыз ар аптанын дем алыш күндөрү ырааттуу өткөрүлүп жатат. Бүгүн диний башкармалык жана шаардык казыят ишембилик өткөрсө, кийинки жумада Алла Таалам буюрса, диний окуу жайлар коомдук жайларды тазалоого катышат», — деп билдирди Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самидин кары Атабаев.

Белгилей кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров буга чейин 1 айлык ишембилик жарыялап, КМДБнын тутумундагы мекемелерди тазалык иш-чараларын өткөрүүгө милдеттендирген.