Ноокаттагы «Атаназар кары» медресесинин мугалимдерине «Ден соолук негиздери» боюнча 3 күндүк семинар өткөрүлүүдө

Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы «Атаназар кары» медресесинин  мугалимдерине КМДБ жана «Мутакаллим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси менен биргеликте диний жамааттардын, өзгөчө жаштардын жана аялдардын репродуктивдүү укуктары жана ден-соолук маселелери боюнча бардык деңгээлдеги билимдерин жана жөндөмдөрүн кеңейтүү максатындагы үч күндүк семинар башталып, анда КМДБнын даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров жана аталган бирикменин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы баяндама жасашууда.

«Алгач атайын сапар тартып биз жактарга келип, семинар өтүп жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Азыр медресе мугалимдерине ар тараптуу маалыматка ээ болуу учурдун талабы болуп жатат», — деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.