Чоң-Алайда жалпы имамдарга жыйын өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы жалпы имамдарга жыйын өтүп, анда мечиттердин тиешелүү иш кагаздарын иретке келтирүү жана жаңы курула турган мечиттерге коюла турган талаптар боюнча талкуу уюштурулду.

Аталган жыйында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан өкүлдөр жана райондук баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов сөзгө чыгып, өз баяндамаларын жасашты.

«Ар бир иштин өз эрежелери бар. Жаңы курула турган мечиттерге коюла турган талаптар да жоопкерчиликтин айынан пайда болууда. Мечиттин имаратынын сапаттуу болуусуна көңүл буруу максатында алдын ала тиешелүү адистерден макулдук алуу керек. Ал эми эсептик каттоодон өткөн мечиттердин тиешелүү иш кагаздарын да бир катар иретке келтирүү да тактык болуп саналат», — деди баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов.

Жыйындын жүрүшүндө башка баяндамачылар да өз багыты боюнча кеңири маалымат берип өтүштү.