Кара-Сууда «Зордук-зомбулуктун алдын алуу» боюнча иш-чара өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү Правда айылында жайгашкан «Правда» мечитинин имам-хатиби Имамидин Лаиков Бусара Абдурахманова атындагы №89 орто мектебинде өткөрүлгөн «Зордук-зомбулуктун алдын алуу» боюнча иш-чарага катышып, өз баяндамасын жасады.

Имамидин Лаиков «Зордук-зомбулуктун алдын алуу» жана ислам дининде бала тарбиялонун орду жөнүндө баяндама жасады.

«Бала тарбиялоо сөз менен эмес, үлгү менен болсо таасирдүү болот. Балдарыбызга үлгүлүү ата-эне болуу менен алардын жүрүм-туруму, адеп-ахлагын жакшыртуу мүмкүн. Ислам дини балдарды тарбиялоодо эң алгач адамгерчиликтүү, адептүү, ыймандуу болууга үйрөтөт. Бул сыпаттар адам баласын бирөөгө зулумдук, зордук-зомбулук кылуусунан кайтарат», — деди имам-хатиб.