Бишкекте «Кураным – башымдагы таажым» аттуу саамалык өткөрүлдү

Бүгүн, 20-апрель күнү Бишкек шаарындагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде «Бишкек кыз Куран курсу» тарабынан Куранды толук жаттаган 8 хафизага таажы кийгизүү саамалыгы өткөрүлдү. Программанын алкагында Куран окулуп, Куран даңкталды.  

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самидин кары Атабаев ардактуу конок катары катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

«Кандайдыр бир кагаз же материал өз наркында жөн гана буюм болуп  саналат. Бирок ага аят жазылса, анда анын мартабасы заматта улуу болуп калат. Аны бийик жерге коюп, аздектейбиз. Ал эми адамчы?! Эгер кайсы бир адам Куранды жүрөгүнө жат кылса, анда ал да Курандын урматына шарапаттуу болуп саналат. Андыктан Куран жаттаган кыздарыбыз ар дайым урматталууга тийиш».

Айта кетсек, хафизаларга таажы кийгизүү программасы «Бишкек кыз Куран курсунун» жетекчиси Жамила Жораеванын демилгеси менен өткөрүлүп келет.