Ошто медресе студенттери карылар үйүндө ишембилик өткөрүштү

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинин мугалимдери жана студенттери Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык, Ош шаарындагы «Боорукердик» карыялар жана балдар үйүндө ишембилик өткөрүштү.

Медресенин окутуучулар жамааты жана студенттери карыялар жашаган үйлөрдүн айланасын, алар эс алуучу жерлерди, бак-дарактардын астын тазалап, курулуш болуп жаткан курулуш таштандыларын чыгарып беришти.