Таалайбек ажы Акунов: «Куранда Алла Таала ысырапты жакшы көрбөшүн айткан»

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда райондук-мамлекеттик администрациясы тарабынан ички иштер башкармалыгы, аксакалдар кеңеши, мекеме-ишкана жетекчилери жана райондук хатибият менен биргеликте айылдарды кыдыруу менен бирге элет тургундары, өзгөчө жаштар менен атайын жыйналыштар өткөрүлүп жатат.

Чогулушта экстремизмдин алдын алуу, ханафи мазхабын, матуриди акыйдасын бекемдөө, ысырапкерчиликти азайтуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы туруу, жашы жете элек кыздардын никеге туруусун бөгөттөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов ар жыйналышта баяндама жасап, ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы жана ысырапкерчиликти жоюу боюнча сөз сүйлөөдө.

«Маркумду акыркы сапарга узатуудагы ашыкча чыгым мал союу, чыгымдуу дасторкон даярдоо болуп, маркум ээсинин көп эле шаштысын кетирип коюп жатат. Ысырапты Аллах Таала жакшы көрбөшүн Куранда ачык белгилеген. Демек, Кудайга жакпаган иш болгондон кийин, андан алыс эле бололу», – деп баш имам-хатиб баяндамаларында баса белгилөөдө.

Маалымат иретинде айта кетсек, бул жыйындар Улахол айыл өкмөтүнүн Кара-Талаа, Туура-Суу, Шор-Булак айылдарында өтсө, ал эми Ак-Терек айыл өкмөтүнүн Кара-Коо, Көл-Төр жана Дөң-Талаа айылдарында да уюштурулду. Алдыда башка айыл өкмөттөрдү да кыдыруу болорун баш имам-хатиб билдирди.