Жалал-Абадда массалык ишембилик өткөрүлдү

Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген «Жашыл Мурас» улуттук акциясына жигердүү катышуу жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун 1 айлык ишембилик өтөрүү жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Жалал-Абад облусунда ири масштабдагы ишембилик уюштурулду. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштурулган тазалык саамалыгына Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Ниматулла ажы Жээнбеков баштаган казыят кызматкерлери, диний окуу жай жетекчилери жана жамааты, жалпы эле дин кызматкерлери активдүү катышты.

«Улуу ислам динибиз тазалыкка абдан зор маани берет. Пайгамбарыбыз тазалык ыймандын жарымы экенин айткан. Бардык ислам ибадаттарынын түпкүрүндө тазалык бар. Ислам дини тазалыктын үстүнө тургузулганы акыйкат. Динибиз адамзатка адамгерчилик, илим-билим жана адеп-ахлак бергендей эле, тазалык маданиятын да ыроологон», — деп билдирди облус казысы Ниматулла ажы Жээнбеков.

Айта кетсек, дем алыш күндөрү өткөрүлгөн ишембиликке облустагы хатибияттар да кызуу катышып, диний объектилердин айланасын жана коомдук жайларды таштандылардан арылтышты.