Кара-Суудагы жалпы имамдарга «Мухтасар аль-Викая» китеби таратылды

Кечээ, 21-апрель күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун жалпы имамдарына жыйын өтүп, бир канча тапшырмалар берилди жана облустук деңгээлде өтүүчү китеп окуу конкурсуна карата «Мухтасар аль-Викая» китеби таратылды.

Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана башка маселелер боюнча тапшырмаларды берди.

«Кара-Суу районуна караштуу жалпы имамдар зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин байма-бай уюштуруп, жума баянына кошумча зордук-зомбулуктун кесепети, анын күнөөлөрүнүн оордугу тууралуу көбүрөөк айтыңыздар. Ушуга эле кошумча экстремизм жана терроризмге каршы туруп, бөлүнүп-жарылуудан алыс болуп, жергиликтүү жамааттар менен биримдикте жоопкерчиликтүү иш алып барыңыздар. Ошондой эле мечиттин тазалыгына көңүл буруңуздар. Бул боюнча ар бир имам милдеттүү. Облустук деңгээлде өтүүчү китеп окуу конкурсуна активдүү катышып, алдыңкы орундарды ээлегенге аракет кылыңыздар», — деди баш имам-хатиб Абдирашит ажы Батыров.