Ош облусунун жана Ош шаарынын казылары жолугушту

Бүгүн, 22-апрель күнү Ош облустук казыятына Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушев баштаган шаардык казыяттын кызматкерлери зыяратка келип, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев менен жолугушту.

Жолугушууда шаар казысы алгач Абибилла ажы Кадырбердиевди жаңы кызмат орду менен куттуктап, казыяттар арасында биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

«Имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында башталган китеп окуу конкурсун ийгиликтүү жыйынтыктап алсак, буйруса алдыда жакшы пландар бар. Ошондой эле, эки казыят биргеликте жакшылык иштерди уюштурууда ар тараптуу кызматташууга даярбыз», — деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Жолугушууда эки казыяттын тиешелүү кызматкерлери ишмердүүлүк боюнча тажрыйба алмашып, шаардын аймагы кеңейтилгендигине байланыштуу, шаардын аймагына өткөн мечиттерди тактоо, диндеги аша чаап кетүүнүн алдын алуу жана ысырапкерчиликтин кесепеттери тууралуу коомго түшүндүрүү тууралуу да сөз болду.