Жалал-Абад казыятынын эски имаратынын чатыры сырдалып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты КМДБнын “КРнын аймагындагы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүнө кирген диний мекемелерге ишембиликтерди өткөрүү жөнүндөгү” буйругун аткарууга алып, облус аймагындагы бардык диний мекемелерде массалык ишембиликтерди өткөрүп жатат. Ишембиликтин алкагында эскилиги жеткен мечит, медреселердин айланасын тазалоо, тосмолорун жана имараттардын чатырларын сырдоо иштери кызуу жүрүдө.  

Аткарылып жаткан иштер боюнча облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков буларга токтолуп,

“Аллах Таала таза зат, тазалыкты жакшы көрөт” деген хадиске ылайык, облус аймагындагы бардык диний мекемелерде тазалоо,  көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери кызуу жүрүүдө. Мындан сырткары имараттардын тосмолорун жана чатырларын ондоо, сырдоо иштерине да көңүл бурулууда. Алсак, Жалал-Абад шаарындагы “Солихин” мечитинин чатыры демөөрчүлөрдүн, ал эми Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын эски имаратынын чатыры казыяттын өздүк каражаты менен толук оңдолуп сырдалды”, – деп билдирди.