Алайда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Алай районунда үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп, ага Ош шаардык мэриясынын алдындагы көп тармактуу «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун» психологдору, «Ак жүрөк» кризистик борборунун психолог, юристтери, «Демилгелүү ишкер аялдар» коомдук фондунун юристи, «Гармония» коомдук фондунун юристтери, Ош облустук аялдар кеңешинин мүчөлөрү, райондун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков баштаган райондун жалпы имамдары катышты.

«Зордук-зомбулукка каршы иш алып барууда диний кызматкерлердин орду чоң. Жакында эле Азирети Муфтийибиз Абдулазиз каары Закировдун тапшырмасы менен районубуздун бардык жума окулчу мечиттеринде, деги эле Кыргызстан боюнча үй-бүлөлөрдү зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо, талак берүүдөн сактануу, жашы жете электерге нике кыйбоо, эркек-аялдын укуктары жана милдеттери туурасында түшүндүрүү баяндамалары жасалды. Биз ар дайым мамлекетибиздин өнүгүүсүнө, элибиздин жаркын келечеги жана тынчтыгы үчүн кызмат кыла беребиз», — деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.

Айта кетсек, аталган иш-чара Ош облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен өткөрүлдү.