Нарында баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүлүп, тапшырмалар берилди

Бүгүн, 22-апрель күнү Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов Нарын облусундагы баш имам-хатибдерге жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Нарын казыятынын башкы эсепчиси жана жооптуу катчылык кызматына киришип жаткан Тынчтыкбек Түлөбаевди жамаатка тааныштырды.

Андан соң баш имам-хатибдерден Рамазан ай ичи чогулган фитир-садаканын топтолушу, топтолгон каражаттар  канчалык деңгээлде өз дарегине таратылып жаткандыгы тууралуу маалымат алды. Ошону менен катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен түзүлгөн беш тараптуу келишим менен тааныштырып,  жакынкы күндөрү аймактарда өтүлүүчү жыйындарга  даяр турууну тапшырды.

Казы дин кызматкерлери облус аймагынан сыртка чыгууда жетекчинин кабарысыз жана уруксатысыз чыгуу туура эместигин баса белгиледи.

“Биз сиздердин  аны кыл, муну кыл деп катуу кыйнап жаткан жерибиз жок. Бирок кээде сиздерди өз ордуңуздардан таппай калып жатабыз. Айрым учурларда кай бириңиздер умара сапарында, кай бириңиздер облус аймагынан алыс жүрөсүздөр. Эгерде зарыл жумушуңуздар болсо жеке байланышып шартты түшүндүрүп койсоңуздар, биз сиздерге жок дебейбиз жана буга чейин жок деген эмеспиз. Бул менин сиздерге эскертүүм болсун. Дагы бир жолу кайталана турган болсо кызмат ордуңуздар каралат”, — деди Эрик Молдокулов.

Муну менен катар алдыдагы аткарыла турчу жана пландалып жаткан иштер тууралуу айтуу менен жыл сайын өтүлчү ынтымак оюнун Ат-Башы району алдыңкы айда уюштуруусун тапшырды.