КР ӨКМ кызматкерлерине салттуу ислам боюнча маалымат берилди

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги курамына жана аймактык башкармалыктарына экстремизмдин алдын алуу жана салттуу ислам принциптери боюнча онлайн талкуу уюштурду.

Иш-чарага КМДБнын Даават, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Мурзакул кары Осмонов катышып, салттуу ислам баалуулуктары, ислам дининин экстремизм жана терроризмге байланышы жоктугу жана элге кызмат кылуунун артыкчылыктары тууралуу баяндама жасап, диний багыттагы узатылган суроолорго жооп берди.