Манаста өспүрүм кыздар арасында Куран жарыш өткөрүлдү

Талас облусунун Манас районуна караштуу Сөгөт айылында кыздар арасында Куран жарышы уюштурулду. Сынакка Сөгөттөгү өспүрүм кыздар катышты. 

Аталган Куран жарышка облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана казыяттын үгүт-насаат боюнча адиси Замир ажы Кадыралиев катышты. Облус казысы, «Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Силердин араңарда эң жакшыңар Куранды үйрөнгөн жана башкаларга үйрөткөндөр» деп айткан. Бул жерде жарышка катышып жаткан кыздарыбызды көрүп, көз кубанат. Себеби бул кыздарыбыз болочок энелер. Эне – бул мектеп, эне оңолсо коом оңолот», — деди. 

Сынак жаш курак негизинде эки категорияда; 10-12 жаш арасы 10 жашка чейинки кыздар арасында өткөрүлдү. Калыстардын чечими менен алдыңкы деп табылган кыздарга акчалай сыйлыктар жана Куран китеби белекке берилди.

Калыстардын чечими менен конкурс жыйынтыгы төмөнкүдөй болуп табылды.

10-12 жаштагылар арасында:

 1-орун – Мамадалиева Адинай

2-орун  – Кенжетай кызы Жаңыл     

3-орун – Акимбекова Фатима

Ал эми 7-10 жаштагылар арасында: 

1-орун – Бакытова Хадижа

2-орун – Замирбекова Зейнеп

3-орун – Акимбекова Хадижа

Айыл имамы Бакыт Мырзабаев мындай сынак ар  жылы уюштурулуп турарын айтты.