Ысык-Көл облустук казыяты Каракол шаарында ишембилик өткөрдү

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрель күнү Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыковдун тапшырмасы менен, облустук казыяты Каракол шаарынын мэриясы менен биргеликте дин кызматкерлери жана мечит жамаатынан ыктыярчыларды тартылып, калаадагы көчөлөрдүн бирин, көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосун жана электр трансформаторунун тегерегин тазалоо иштерин жүргүзүштү. 

«Диний кызматкерлер бир эле мечиттердин, медреселердин тегерегин тазалоо менен чектелбестен, жалпы шаарыбыздын, айлана-чөйрөбүздүн тегерегин тазалообуз зарыл. Анткени динибиз тазалыкка катуу басым жасалган эмеспи. Пайгамбарыбыз (с.а.в) өз сөзүндө тазалык ыймандын бир бөлүгү экендигин айткан», — деди облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.