Кеминдин имамдарына «Фикхул акбар» китебинен акыйда семинары башталды

КМДБнын 2023-жылдын 28-февралындагы «Имам Матуриди» илим изилдөө борборун түзүү боюнча чыгарылган №49 буйругу, ошондой эле Чүй облусунун мусулмандарынын казыятынын 2024-жылга карата иш-чараларынын планынын алкагында, имамдардын мазхабдык жана акыйдалык билимдерин жогорулатуу жана алардын квалификацияларын көтөрүү, окуу курстарын уюштуруу максатында Чүй облусунун Кемин районунун имамдарына Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн Калмак-Ашуу айылында алты күндүк окуу семинары башталды.

Семинардын ачылыш аземине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, анын 1-орун басары Самидин кары Атабаев, облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков, акыйда сабагынан окутуучу Белек ажы Турдалиев, Кемин районунун баш имам-хатиби Куттубек ажы Дүйшебаев жана райондогу имамдар катышты.

Жыйында Азирети Муфтий сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду:

«Сиздердин коомдогу ордуңуздар өтө чоң. Сиздер себептүү элеттеги мусулман элибиз маселесин так жана туура түшүнүп, динде жашоого аракет кылышат. Мына ошондуктан ушундай семинарларга дайыма катышып, илимиңиздерди өстүрүүгө аракет кылыңыздар. Аллах Таала баарыбызга пайдалуу илим берсин. Өлкөбүзгө тынчтык, аманчылык насип кылсын», — деди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров.

Жыйындын жүрүшүндө казы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Азирети Муфтийге, келген конокторго ыраазычылык билдирип, семинарга ийгилик жана береке тиледи.