Борбор калаадагы мечиттерде жума сайын ишембилик өткөрүлүүдө

Бишкек шаарындагы жалпы 74  мечитте ишембилик уюштурулду.  Бул тууралуу калаа казыятынан билдиришти.

«Динибиздин негизги мааниси тазалык экендиги маалым. Тазалык болгон жерде ыйман уялайт» демекчи, биз борбор калаадагы бардык мечиттерде жума сайын ишембилик уюштуруп жатабыз. Бишкек казыятынын казысы Шакир ажы Маматовдун тапшырмасы менен ар жума ишембилик өткөрүлүүдө. Буйруса бул иш чара ар дайым уланып турат», – деди казынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев.