Мурзакул кары Осмонов: «Мекенге кызмат кылуу — бул элге кызмат кылуу»

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматы өз курамына диний экстремизмдин кесепеттери жана салттуу ислам принциптери боюнча талкуу уюштурду.

Талкууга КМДБнын Даават, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Мурзакул кары Осмонов катышып, салттуу ислам баалуулуктары, Мекенге кызмат кылуу, ислам дининин экстремизм жана терроризмге байланышы жоктугу жана элге кызмат кылуунун артыкчылыктары тууралуу маалымат берип,

«Мекенди сүйүү — ыймандан» деген улуу сөз бар. Мекенди сүйүү бул эл-журтту сүйүү, Мекенге кызмат кылуу бул калайыкка кызмат кылып, алардын коопсуздугун, тынчтыгын, бейпилдигин сактоо болуп эсептелет. Андыктан мындай шарапаттуу кызматты аткарып жатканда жоопкерчиликтүү болуп, ардактуу озуйпаны татыктуу аткарууга аракет кылуу керек», — деп билдирди Мурзакул кары.

Жыйындын соңунда дини адис жоокерлердин кызыккан суроолоруна жооп берди.