Бүгүн, 15-декабрда дин аалымдары Абдишүкүр ажы Нарматов менен Чубак ажы Жалилов мекендештерибиз менен жолугушуу максатында Санкт-Петербург шаарына учуп кетишмекчи

Бүгүн, 15-декабрда Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов жана АКнын мүчөсү Чубак ажы Жалилов  илимий иш  сапары менен Санкт-Петербург шаарына  учуп кетишмекчи. Иш сапар алкагында дин аалымдары Санкт-Петербург шаарында эмгектенип жаткан мекендештерибиз менен жолугушуп, алардын суроолоруна  жооп беришмекчи.

Мекендештерибиз менен болгон жолугушуу эртең, 16-декабрда саат 12:00до Санкт-Петербург шаарындагы борбордук мечитте уюштурулмакчы.

Дин аалымдары бүгүн түнү Санкт-Петербург шаарына учуп кетишмекчи. Жолушуу эртен башталып, аялзаты дагы  катышса болот жана алар үчүн атайын орундар даярдалган,-деди Эрназар Таштанбаев.

Санкт-Петербург шаарындагы жолугушуу  Горьковская метросундагы Кронверский проспект №7 дарегинде өтмөкчү.