Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген диний окуу жайлар арасындагы көчмө семинар «Арстанбап ата» медресесинде өттү

Диний окуу жайларда 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу, мугалимдердин билим берүү чеберчилигин өстүрүү, жоопкерчиликти күчөтүү, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын жайылтуу максатында Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген облус казысынын бекиткен ырааттамасынын негизинде III — Көчмө семинар Сузак районундагы Арстанбап ата медресесинде уюштурулду. Семинарга казыят кызматкерлери, облус аймагындагы бардык диний окуу жайларда Куран жана тажвид сабагынан берген мугалимдер, уюштуруучулар  жана аталган окуу жайдын студенттери катышты.

Көчмө семинардын алкагында медресе тарабынан даярдалган программага ылайык катышуучулар тажвид сабагынан ачык саатка жана “Билим тууралуу ой” аттуу студенттер тарабынан даярдалган кечеге күбө болушту.  Ачык саат жана кечеде студенттер өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшүп, өз өнөрлөрүн тартынбай тартуулашты. Муну менен катар “Билим тууралуу ой” аттуу кечесинин алкагында “Зергердин кадырын-зергер билет” аттуу инцинирвокасын көрүүчүлөргө тартуулашып, билимдүүлүктүн маани-маңызын чечмелешип, окуучуларды билимдүү болууга чакырды. Ал эми Канткенде аймактар өнүгөт? — деген чакан сахналашкан көрүнүш, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты. Анда ден соолук, спорт, билим, дин, ишкердик, чарба иштерин уюштуруу, бир кесиптин ээси болуу сыяктуу маселелер ортого коюлуп, бир жеңден кол чыгаруу, бир жакадан баш чыгаруу деген ураандын негизинде ынтымактуу, биримдиктүү болсок өзүбүз да аймактар да өнүгөт деп жыйынтыкташты.

Көчмө семинардын соңунда мугалимдер ачык сабакка жана өтүлгөн кечеге анализ беришип, кемчиликтерди жана жетишкендиктерди айтышып, мындан ары сабакты жакшыртуу максатында сунуштарын беришти. Жыйынтыгында балдар бөлүмүндө ачык сабак жана кече “эң жакшы” деп бааланса, ал эми кыздар бөлүмүндөгү ачык сабакка “эң жакшы ” жана класcтан тышкаркы иштин өтүлүшүнө “ жакшы” деген баа беришти.