Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Чүй ОИИБ тарабынан уюштурулган жыйынга катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында өткөн тегерек столго катышып, анын алкагында терс диний агымдардын алдын алуу, конфессиялар аралык достукту бекемдөө, дин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын байланыш алакаларын бекемдөө боюнча баяндамасын жасады.

Тегерек стол алкагында Азирети Муфтий укук коргоо кызматкерлери менен дин кызматкерлери  бирдиктүү жылдык план кабыл алып, анын жыйынтыктарын жана аткарылышы боюнча квартал сайын отчеттук маалымат берүү чогулушун өткөрүп туруу сунуушун берди.

2019-жылдан тарта бирдиктүү иш план түзүп койсок жакшы болот. Ар бир ишибиз ооз эки сөздө эле калып кетпей, кагаз бетине түшсө жемиштүү жана жоопкерчиликтүү болот. Биз ар дайым кызматташууга даярбыз,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар тегерек столдун жүрүшүндө терс диний агымдардын алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү, мечиттердеги уурулукту азайтуу боюнча видео байкоолорду орнотуу жана биргеликте иш алып барууну күчөтүү жаатындагы ой-пикирлер айтылды.

Ал эми Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкулов милиция кызматкерлери ар дайым кызматташууга даяр экендигин айтып, Азирети Муфтий тарабынан берген сунушту колдоого аларын билдирди.

Тегерек столго Чүй ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Самат Курманкулов, Чүй ОИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы Уланбек Жаныбек уулу, Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов жана казыят кызматкерлери, ОИИБдин өздүк курамы катышты.