Баткен облусунун казысы ИИМдин “Кадырман” медалы менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын  ички иштер министринин буйругунун негизинде Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Кыргыз Республикасынын  “Кадырман”   медалы менен сыйланды. Сыйлыкты  бүгүн, 17-ноябрда Баткен казыятынын жыйындар залында  казыят жана медресе кызматкерлеринин катышуусунда өткөн жыйында Баткен ОИИБнин ардагерлер кеңешинин төрагасы Арапов Ниймат  Арапович тапшырды.

Ошондой эле  Ниймат  Арапович облус казынын ишине ийгилик каалап, коомдо ынтымакты сактоо, терс көрүнүштөрдү болдурбо жана тыгыз кызматташууну улантууну белгилеп өттү.