Суунун ден-соолукка таасири

Азыркы учурдагы илим тастыктагандай, суунун суюк, катуу жана газ абалынан бөлөк төртүнчү касиети аныкталган. Бул анын информацияны эстеп калуу касиети. Ошондой эле сууда физикалык жана химиялык өзгөчөлүктөрүнөн башка дарылоочулук жана зыянга учуратуучу касиеттери да бар; Суу айлана чөйрөдө болуп жаткан иштерге, сөздөргө жана үндөргө кайдыгер болбойт. Ал адамдын сөзү, ою, эмоциясы сыяктуу ар бир кылдат информацияны кабыл алат. Ал аны эстеп калат жана өзүнөн башкага өткөрүп берет. Адамдын маанайына, сезимине, ниетине жараша сүйлөгөн жакшы-жаман сөздөрүнө карата суунун ички структурасы өзгөрүп турат. Суу сезет, таарынат, сүйүнөт демекчи, ал да тирүү организм сыяктуу. Ошон үчүн биз сууга карата өтө кылдат мамиледе болушубуз керек. Анткени канчалык уруш-талаш бол гон, жаман сөз, жаман ниеттер айтылган жердеги суулар, ошончолук терс таасирленип ууга айланат. Аны ичкен адам оорууга чалдыгат.

1956-жылы Азиянын түштүк чыгышында жайгашкан аскер институтунун жабык лабораториясында илимпоздор массалык кыргын салуучу курал жасоо боюнча илимий талкууларды жүргүзүшөт. Алардын максаты жаңы муундагы бактериялогиялык бомба жасоо болгон. Бирок алардын чогулушу кокусунан үзгүлтүккө учурап, алардын баарын суудан уулануу деген диагноз менен оорууканага алып кетишет. Алар болгону суу ичишкен болчу. Сууну текшеришкенде анын составынан эч кандай зыяндуу нерсе чыкпайт. Ошентип дарыгерлер ооруунун себебин таба алышпайт, ага карабастан ооруунун себеби жөнөкөй суу деген жыйынтыкка келишет. Чындыгында, суу алардын Кудайга жакпаган жаман ниеттеги сөздөрүн өзүне сиңирип алганы себептүү ууга айланып калган болчу. Бирок алар аны билишлейт. Ошондуктан биз сууга карата тирүү организмге мамиле кылгандай мамиле кылышыбыз керек. Аны менен дайыма туура мамиле кылууну үйрөнөлү!

 

Даярдаган: Ашур Али уулу Мавлян