Аалымдар Кеңешинин өкүлдөрү Санкт-Петербург шаарынын муфтийи Равиль хазрат Панчеев менен жолушуп, эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жаатында пикир алышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрөгасы Абдишүкүр ажы Нарматов менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарынын алкагында  Санкт-Петербург шаарынын муфтийи Равиль хазрат Панчеев менен жолушуп, эки тараптуу кызматташууну бекемдөө, тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышты. Жолугушуу алкагында Аалымдар Кеңешинин төрагасы муфтий Равиль хазрат Панчеевдин жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ошондой эле Абдишүкүр ажы Нарматов Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарынын максатын айтып, мекендештер менен болгон жолугушуу менен аларды ыймандуулукка, адеп-ахлакка жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекем сактоого чакыруу керектигин кошумчалады.