Аалымдар Кеңешинин төрөгасы Абдишүкүр ажы Нарматов менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушту (ФОТО)

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрөгасы Абдишүкүр ажы Нарматов менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарынын алкагында  Санкт-Петербург шаарындагы борбордук мечитте иштеп, окуп жаткан жалпы мекендештерибиз менен жолугушуту. Мекендештерибиз менен болгон жолугушууда Аалымдар Кеңешинин өкүлдөрү ыймандуулук, мекенди сүйүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекем сактоо боюнча баяндама жасашты. Муну менен катар бул күнү атайын суроо-жооп уюштурлуп, дин аалымдары жарандарыбыздын ар кыл суроолоруна жооп беришти.