Талас облусунун Манас районунун имамдары бир жылдык отчетторун тапшырышты

Талас облусунун Манас районунун имамдары бир жылдык отчетторун тапшырышты. Отчеттук жыйын Жайылган айылындагы Жайыл борбордук мечитинде өтүп, ага  облустук мусулмандар казыятынын иш башкармалыгынын башчысы Медер ажы Сагынбаев, Талас районунун баш имам хатиби Канатбек  Жолдошбек уулу жана Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев катышып, имамдардын  аткарган иштери боюнча оозеки жана кагаз түрүндөгү отчетторун угушту.

Биз отчет учурунда мечиттердин кириш-чыгыш документтери жана жыл ичинде аткарылган иштери, көрктөндүрүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иш алып баруусу, мечиттердин каттоосу жана түшүндүрүү  иш чаралары боюнча жасалган жумуштарды ар бир имамдан уктук. Алар кагаз түрүндө дагы тапшырышты,-деди Медер ажы Сагынбаев.

Муну менен катар имамдарга казыят тарабынан 2019-жылы иштин сапатын жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилип, отчеттуулук боюнча сунуш-пикирлерин айтышты.