Исфанада «Экстремизм, терроризимге каршы туруу» аталыштагы семинар өттү

Исфанада «Экстремизм, терроризимге каршы туруу» аталыштагы семинар өттү. Аталган семинарды Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн 10-бөлүмү  башкармалыгы жана шаардык хатибият  уюштуруп, ага Лейлек РИИБинин 10-бөлүмүнүн   башчысы  жана имамдар  катышты.

Семинар алкагында райондук ИИБдин 10-бөлүмүнүн  башчысы жана катышуучулар экстремизм менен терроризмдин алдын алууга багытталган маселелерди талкуулашып, аткарылган иштерге саресеп салышты.

Семинардын акырында коомдогу терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн биргеликте иш аткаруу чечимдерин кабыл алышты.