Таласта мечиттерде ишембилик уюштурулду

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун  1 айлык ишембилик өткөрүү жөнүндөгү тапшырмасына ылайык, Талас облусунда жалпы диний мекемелер жана мечиттерде ишембилик уюштурулду. Ишембиликке Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев баштаган казыят кызматкерлери, мечит имамдары жана жалпы мечит жамааты активдүү катышты.

 «Ислам динибиз тазалыкка үндөгөн дин. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) тазалык ыймандын жарымы экенин айткан. Андыктан ибадат жайы мечиттерибизди таза кармайлы. Ал эле эмес, жашап жаткан айлана-чөйрөбүздү да таза кармоо ар бирибиздин милдетибиз», — деди облус казысы Сулумбек ажы  Узеналиев.