Эмирлан ажы Бообеков Тогуз-Булак айылынын жашоочуларынан кабар алды

Бүгүн, 23-апрель күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков Тилектеш айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын жашоочуларынан кабар алганы барып, табигый кырсыктан улам бузулган жолду оңдоп, таштандыларды тазалап жаткан ӨКМ кызматкерлери менен жолугушуп, өз ыраазычылыгын билдирди.

«Табигый кырсыктан улам, бузулган жерлерди, жолдорду калыбына келтирүү үчүн талыкпастан эмгектенип жатасыздар. Аллахым ыраазы болуп, сиздерге күч-кубат берсин. Өлкөбүздө тынчтык, амандык болсун», — деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.