Таласта болочок ажыларга сабак уюштурулду

Талас облустук мусулмандарынын казыятында 2024-жылы ажылык сапарга аттанып жаткан болочок ажыларга кезектеги сабак уюштурулду.

Сабакты Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, казынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу жана казыяттын үгүт-насаат адиси Замир ажы Кадыралиевдер өтүштү.

«Исламдын беш түркүгү бар. Алардын ичинен бирөөсү ажылык амалы болуп эсептелет. Ажылык бул дене жана мал менен аткара турган фарз амал. Ажылык бул машакат« деп пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткандай, чынында машакат амал, бирок кабыл болгон ажылык болсо, анын сыйлыгы бейиш экени айтылган», — деп билдирди облус казысы.

Ажылыктын амалдары жана ага болгон даярдыктар жөнүндө айтылып, сабактын соңунда жалпы болочок ажыларга дуба кылынды.

Эске салсак Талас облусунан 2024-жылы ажылык сапарга аттангандардын саны 63 адам.