Кара-Сууда «Зордук-зомбулукка жол жок» аталышында иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 23-апрель күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагындагы маданият үйүндө «Зордук-зомбулукка жол жок» аталышында иш-чара өткөрүлүп, ага «Абдыраим дамла» мечитинин имам-хатиби Аширали Нурдинов катышып, өз баяндамасын жасады.

Аширали Нурдинов өз баяндамасында жаштарды тарбиялоодо ар тараптуу илим алуусуна шарт түзүү, зордук-зомбулуктардын алдын алуу тууралуу баса белгилеп өттү.

«Илим алуу адамды караңгылыктан жарыкка алып чыгат. Ар түрдүү тар түшүнүктөрдөн арылтат. Жаштарды тарбиялоодо ар тараптуу илим алуусуна шарт түзүү керек. Анткени дүйнө таанымы кенен инсан бузукулук иштерге барбайт», — деди имам-хатиб Аширали Нурдинов.

Аталган иш-чарага Ала-Тоо айыл, өкмөтүнүн орун басары, эксперттер, А. Навои, Ю.Гагарин, Т.Юнусов, А Эшматов, Д.Султанов, Т. Алимбеков, А. Шеркулов жана №122 мектеп мугалимдери, «Алтын балалык», «Нуртилек», «Байтилек», «Илим булагы», «Кызыл кызгалдак» жана «Наристе нуру» балдар бакчаларынын жетекчилери, айыл өкмөтүн соц.кызматкерлери жана ата-энелер катышты.