Азирети Муфтий «Расул Акрам» ислам институтун зыярат кылды

Бүгүн, 23-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар «Расул Акрам» ислам институтун зыярат кылышты.

«Расул Акрам» ислам институту өлкөбүздөгү бараандуу диний окуу жайларыбыздын бири болуп саналат. Бул куттуу окуу жайдын устаздар жамааты мыкты, илимий жактан потенциалдуу, акыйда-мазхабдык жактан өтө туура билим бергендиги менен өзгөчөлөнүшөт. Ушул институттун бүтүрүүчүлөрү да мыкты жетилип, диний жаатта жигердүү эмгектенишүүдө», — деп билдирди Азирети Муфтий.

Зыяраттын алкагында КМДБ жетекчиси муфтияттын алдыдагы диний билим берүү жаатындагы план-программалары боюнча кыскача айтып, студенттер менен баарлашты.

Айта кетсек, зыяраттын жүрүшүндө «Расул Акрам» ислам институнунун мурдагы ректору Тариел ажы Абжалбеков Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин илимий кеңешчиси болуп дайындалды.