Азирети Муфтий “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда өнөктөштүктү бекемдөө маселелери жана өлкөдө халал (адал) индустриясын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кызматташуунун пландары талкууланды. Катышуучулар продукцияны сертификациялоо, халал (адал) продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо боюнча биргелешкен механизмдерди иштеп чыгуу, инвестиция тартуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана калктын халал (адал) продукциялары жана кызматтары тууралуу маалымамттуулугун жогорулатуу жаатында пикир жана тажрыйба алмашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө халал (адал) өнүмдөрдү жана кызматтарды Кыргызстандын рыногунда жана анын чегинен тышкары жайылтуу үчүн биргелешкен иш-чараларды, окуу программаларын жана маркетингдик кампанияларды уюштуруу боюнча идеялар айтылды.

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров халал (адал) өнүмдөрдүн жана кызматтардын сапатына керектөөчүлөрдүн ишенимин бекемдөөнүн маанилүү куралы катары халал (адал) индустриясын өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилесе, ал эми аталган борбордун директору Алмаз Кайырбеков өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарынын бири катары халал (адал) индустриясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ал Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен кызматташуу жогорку сапат стандарттарын камсыз кылуу үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасында халал (адал) индустриясын колдоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнү тереңдетүү зарылдыгын билдиришти.