Азирети Муфтий Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыковду кабыл алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Алмазбек ажы Сагындыковду кабыл алды.

Жолугушууда Азирети Муфтий Ысык-Көл облусундагы диний абал, казыяттын ишмердүүлүгү жана бүгүнкү күнгө чейинки аткарган иштери боюнча маалымат берди. Муну менен катар имамдардын билимин жогорулатуу, коомчулуктагы терс көрүнүштөрдү болтурбоонун аракетин көрүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте зордук-зомбулукка жол бербөө жана үй-бұлө институтун бекемдөө, эктремизм, терроризм боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жаатындагы иштердин отчету угулду.

«Биздин башкы максатыбыз динибиздин асыл баалуулуктарын коомчулукка туура багытта жеткирүү жана терс диний агымдардын азгырыктарынан жарандарыбызды коргоо, имамдарыбыздын билимин жогорулатуу жана калк менен тыгыз иштөө. Имам коомчулуктун күзгүсү болуш керек. Ошондуктан дин кызматкерлеринин дагы өнүгүп, өсүүсүнө жакындан жардам беришибиз зарыл»,-деди Азирети муфтий.

Ал эми облус казысы  Алмазбек ажы Сагындыков 2024-2025-жылдары атарыла турган иштердин планын айтып, казыят Муфтият тарабынан берилген тапшырмаларды өз учурунда аткарып жаткандыгын билдирди. Ошондой эле  мерчемделген иштер Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен макулдашылып жаткандыгын билдирди.