Азирети Муфтийдин биринчи орун басары республикалык китеп окуу конкурсунун жыйынтыктоо аземине катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев республикалык китеп окуу конкурсунун жыйынтыктоо саамалыгына катышты.

Саамалыктын алкагында Азирети Муфтийдин биринчи орун басары китеп – жан дүйнөнү байытып, сөз казынасын толтуруп, турмушка пайдалануучу сабак болуп, жашоодогу боштуктарды толуктоочу курал экендигине токтолду.

«Бир китептин ичинде канчалаган дүйнө жатат, канчалаган аалам катылган. Акыркы күндөрү китеп окуу маданиятын калыптандырууга аракеттер абдан күчөдү. Өлкөбүздө чакан китепканалар ачылып, түрдүү китеп окуу акциялары уюштурулуп келет. Албетте бул кубанта турган көрүнүш. Конкурс мүмкүн болушунча адилеттүү өткөндүгүнө Жаратканга шүгүрчүлүк кылабыз. Конкурсту өткөрүүгө кошкон салымдары үчүн бардык демөөрчүлөргө ыраазычылыгымды билдирем», — деди Самидин кары Атабаев.

Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөр сыйланышып, башкы байгени жеңип алган Нурпери Жеңишбековага «КУТ» курулуш компаниясы тарабынан 1 бөлмөлүү батир берилди. Ал эми Султанмурат Жолдошов жана Мырзайым Маматалиева умра сапарына жолдомо утуп алышса, Мээримкан Раимкулова менен Индира Турсумамбетовага Түркияга жолдомо ыйгарылды. Бекболот Пайзидин уулу IT курсуна жолдомо алса, Гүлжамал Саттар кызы, Дастанбек Кимсанов жана Мадина Жаныбек казы кызыктыруучу белектерге ээ болушту.