Ысык-Көлдө диний кызматкерлер казыят имаратынын курулушу менен таанышты

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында шаар-райондук баш имам-хатибдерге жыйын болуп өттү. Жыйында хатибияттар жыл башынан берки аткарган иштери, фитир-садаканын чогулушу, чогулган каржаттардын өз дарегине кандай тартипте жеткирилгени, кайрымдуулук иштери, иш-чаралар, ысырапкерчиликтин зыяны боюнча түшүндүрүү иштери, казыяттын маалымат кызматы менен болгон байланышы жана башка маселелер тууралуу отчёт беришти.

Мындан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруу, ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы, адамдар арасындагы зордук-зомбулукту жоюу жана терс агымдардын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмалары берилди.

«Биз алдыда көбүрөөк басым жасап иштей турган ишибиз каттоосу бүтө элек мечиттерибизди тездетип, каттоосун бүткөрүү болуп саналат. Финансылык иштерибизди так жүргүзүп, КМДБ жана облустук казыяттан келген ар кандай буйруктарга ыкчам жооп кылып тургула. Элет жериндеги имамдарыбыздын билим деңгээлин көтөрүүгө аракет кылып, имамдык курстарды уюштуруп же казыят тарабынан уюштурулган окууларга байма-бай чакырып турабыз. Анткени имам дайыма алдыда болуусу кажет», — деди облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.

Жыйындын соңунда казы, баш имам-хатибдер жана казыят кызматкерлери менен бирге Каракол шаарында жаңы курулуп жаткан облус казыятынын имаратынын курулушунан кабар алышты.