Баткен казыяты «Спорт – тынчтыктын жана достуктун элчиси» аттуу спорттук иш-чара уюштурду

Баткен облусунун Лейлек районунда  Баткен облустук мусулмандарынын казыяты Лейлек  райондук, Сүлүктү шаардык хатибияты жана диний окуу жайлар  менен биргеликте Баткен облусунун район, шаар хатибияттарынын имамдар курама оюнчулары ортосунда «Спорт — тынчтыктын жана достуктун элчиси» аттуу ураан алдында футбол жана аркан тартуу оюну боюнча мелдеш өттү.

Иш-чаранын ачылышына Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Акжол Жолматов, КМДБнын башкы эсепчиси Толкун ажы Жуманов жана Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, шаар хатибияттарынын имамдар курама оюнчулары жана медресе мугалимдери катышты.

Спорттук мелдештин максаты шаарлардагы имам-хатибдердин ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү, коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшүүдө имам-хатибдер ортосундагы байланышын бекемдөө, ошондой эле ден соолукту чыңдап, сергек жашоого үндөө болуп саналат.

Мелдештик оюн командалар ортосунда кызуу жүрүп, оюнчулар күйөрмандардын купулуна толоорлук аркеттерди көргөзүштү. Хатибияттар жана диний окуу жайлар арасындагы мелдештик оюндун жыйынтыгында футбол оюну боюнча Баткен медресеси 1-орунга, аркан тартыш боюнча Кызыл-Кыя шаардык хатибияты 1-орунга ээ болду.

Жеңүүчү командалар уюштуруучулар тарабынан даярдалган кубок жана ардак грамотага ээ болушту. Айта кетсек, футбол оюну мындан ары дагы район, шаарлар арасында квартал сайын достук маанайында улантылып турмакчы.