Бекназар ажы Жапаров 93 жаштагы Зулум ажы Боркошовду зыярат кылды

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылына барып, Зулум ажы Боркошовду зыярат кылып, ак батасын алды.

Зулум ажы Боркошов көп жылдан бери динге кызмат кылган аксакал имамдардан болуп, ал Кыргыз-Ата аймагындагы жалпы имамдарга азыркы учурга чейин сабак берип келет.

Айта кетсек, аты аталган диний ишмер Кыргыз-Ата айыл аймагындагы 25 имамдын ынтымагын бекемдеп, аймакта ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү жүргүзүп, ыксыз чыгымдарды токтоткон.