Жалал-Абад казыятынын кызматкерлери сел жүргөн аймактардан кабар алышты

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасы менен казыят кызматкерлери облус аймагындагы сел жүргөн айылдарга барып, жеринен кабар алышты. Казынын орун басары Алибек ажы Батыралиев Ноокен, Базар-Коргон районуна бөлүнсө, окуу жана мечит адиси Арпидин ажы Жороев жана катчы Канатбек Мусурманкулов Сузак районунун Барпы, Кара-Дарыя, Бек-Абад айылдарына барышты.

Ал эми облус казысы Сузак районунун Кызыл-Сеңир, Таштак, Ачы айылдарына барып, жергиликтүү тургандар менен жолугуп, табият кырсыгынан жапа чеккен жергиликтүүлөргө көңүл айтып, ал-абалын сурады. Облус казысы өз сөзүндө, “Аллах Таалам баарыбызга сабыр берсин. Эң башкысы ынтымак жана биримдик болсо, бул кырдаалдан да чыгабыз. Андыктан баарыбыз биримдикте, бир күч болуп, бири-бирибизге колдон келген жардамдарыбызды аябайлы. Бул сыноо! Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы, облустук казыяттар, райондук хатибияттар да четте карап турбайт. Буйруса селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардамдар берилет”, — деди.

Учурда селден жабыр тарткан үйлөрдүн короолорун, жер төлөлөрүн тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Жалал-Абад шаарындагы “Айти” жана “Аз-Захра” балдар медреселеринин студенттери тарабынан Сузак районунун Кызыл-Туу айыл айымагынын Таштак айылындагы жаңы курулган “Мусулманкул ажы” медресесинин жана айылдагы жума мечиттин короосу тазаланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук бөлүмү Сузак районундагы Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөндүгүн жана жаратылыш кырсыгынан жабыркаган үйлөрдү, айдоо аянтарын аныктоо-тактоо үчүн атайын штаб түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Токтогул райондорунда жана Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларында 20-апрелден 24-апрелге чейин жааган жаандан бир топ аймактарга сел жүрүп, кооптуулук жараткан. ӨКМдин Жалал-Абад облустук бөлүмү аймактарда болжол менен 350 турак үйдүн короосуна суу кирип, бир катар үйлөр селден жабыркагандыгын билдиришүүдө.