Фитир-садака – 2024: Республика боюнча 57467895 сом чогулуп, муктаждарга таратылууда

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында 2024-жылдагы битир-садагалар боюнча отчёттук жыйын өткөрүлдү. Жыйында үстүбүздөгү жылдагы битир-садагалардын топтолушу, аны мечиттер, хатибияттар жана казыяттардагы муктаждарга таратуу, калдык суммалар жана багыты боюнча талкуу өттү.

«Элибиз фитир-садакасын ишенип бизге, муфтиятка тапшырып келет. Биз эки дүйнөлүк жоопкерчиликти сезип, шариятыбыз көрсөткөн орундарга гана багыттоого милдеттүүбүз. Андыктан фитирлерди өз убагында өз дарегине жеткирүүдө өтө аманатчыл, так, таза иш алып барып, мойнубуздагы милдеттен толук кутулушубуз керек», — деп билдирди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров өз сөзүндө.

Ал эми КМДБнын башкы эсепчиси Толкунбек ажы Жуманов 2024 -жылдагы фитир садака тууралуу маалымат берди.

Маалымдамага ылайык, 2024-жылы жалпы республика боюнча топтолгон фитир-садака 57467895 (элүү жети миллион төрт жүз алтымыш жети миң сегиз жүз токсон беш) сомду түздү. Анын ичинен 60 пайызы жергиликтүү мечиттерден, 30 пайызы райондук хатибияттар жана аймактык казыяттардан муктаждарга таратылды, таратылууда. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эсебине 10 пайызы келип түштү.

Бул сумма атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен КМДБнын курамындагы медреселерге, арызы менен кайрылган ар кандай муктаждыктагы жарандарга жана жетим-жесирлерге таратылууда.