Бишкек казыяты муктаждарга 712,5 миң сом фитир-садака жана 450 миң сомдук кийим-кече таратты

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын №05-фатвасынын негизинде 2024-жылы шаардагы бардык мечиттерден фитир-садака топтолуп, 60 пайызы жергиликтүү мечиттерде калтырылып, 15 пайызы райондук хатибиятка, ал эми 15 пайызы казыятка калтырылды.

Казыяттан билдиришинче, фитир-садака өз ээлерине шарияттын негизинде таратылып жатат.

 «Орозо Айт майрамынан кийин бардык мечиттерде фитир-садака топтолуп, муктаж инсандарга таратылууда. Айта кетсек, шаарыбыздагы «Кимсанбай ажы» атындагы борбордук мечитте бир жума бою фитир-садака жана кийим-кечелер таратылып турду. Дал ушул сыяктуу фитир-садагалар бүт мечиттерде арыз менен кайрылган муктаж инсандарга берилди. Учурда ар бир мечиттин садака-фитир боюнча отчёту тескелип жатат», — деди Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов.

«Бишкек шаардык мусулмандарынын казыяты жайгашкан «Кимсанбай ажы» атындагы борбордук мечитте арыз менен кайрылган 475 жаранга 1,5 миң сомдон жалпы 712 500 сом фитир-садака таратылып, зекет жана үшүрдөн түшкөн 450 миң сомдук кийим-кечелер таратылды», — деп билдирди борбордук мечиттин эсепчиси Насирдин ажы Садыков.