Абибилла ажы Кадырбердиев ОшМУнун теология факультети мугалимдери менен жолугушту

Кечээ, 24-апрель күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев ОшМУнун теология факультетинин мугалимдери менен жолугушту.

Жолугушууга Ош Мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы, доцент Зайлабидин Ажимаматов, декандын орун басары, доцент Хилми Караагач, доцент Ниязали ажы Арипов келип казыны жаңы жумуш орду менен куттуктап, өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүштү.

Жолугушууда теология факультетинин мугалимдери облус аймагындагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн уюштурула турган окутуу курстары үчүн жакындан жардам берип, кызматташууга даяр экендигин айтып өтүштү. Бул сунушту облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев да жылуу кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди.