Абибилла ажы Кадырбердиев райондун баш имам-хатибдерин жекече кабыл алган соң жалпы жыйын өткөрдү

Бүгүн, 25-апрель күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев түшкө чейин райондун баш имам-хатибдерин жекече кабыл алып, ишмердүүлүктөрү тууралуу кыскача маалымат алды. Ал эми түштөн кийин райондун баш имам-хатибдерине жана казыят кызматкерлерине жалпы жыйын өткөрүп, төмөнкү маселелер боюнча тапшырмаларды берди.

— Имамдардын билим деңгээлин көтөрүү максатында окутууларды уюштуруу;

— Облус боюнча мечиттердин абалын жакшыртуу боюнча атайын критерийлердин негизинде ар бир райондо өзүнчө имамдар арасында конкурс уюштуруу;

— Үй-бүлөнү сактап калуу же ажырашууну болтурбоо үчүн бирдиктүү нике хутбасын даярдоо;

— Дин кызматкерлеринин имамчылыкка өтүүдө формасына көңүл буруу;

— Облус боюнча ар он беш күндө кезек менен райондордо семинарларды уюштуруу жана ага райондун баш имам-хатибдеринин баары катышуусу;

— Ар бир райондогу имамдар, мечит-медреселер тууралуу тиешелүү маалыматтар баш имам-хатибдерде электрондук вариантта компьютер жана телефонунда даяр болуусу;

Ошондой эле, облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев райондун баш имам-хатибдерине КМДБ жана казыят тарабынан берилген тапшырмаларды жоопкерчилик менен өз убагында аткаруу боюнча эскертип өттү.

Жыйын соңунда дин үчүн кылып жаткан кызматтары жана жакшы ишмердүүлүктөрү үчүн диний кызматкерлерге казыят тарабынан белектер тапшырылды.